Быйыл тогуз айда күрөөканалар былтыркыга караганда 60%га көп таза киреше тапты

21 ноября 2022, 14:13

Быйыл тогуз айда Кыргызстанда күрөөканалардын кирешеси 772,5 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,94 пайызга (953 миллион сомго) азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.  

Бирок, быйыл январь-сентябрь айларында күрөөканалардын таза кирешеси 322 млн сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 60,35%га көп. Ошентип, былтыр тогуз айда күрөөканалардын таза кирешеси бардык чыгашаларды эсепке албаганда 200,8 млн сомду түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр тогуз айда күрөөканалардын чыгашасы 752,2 миллион сомду түзсө, быйыл 447,8 миллион сом болду.