Мамлекеттик карызды тейлөөгө дээрлик 29 млрд сом жумшалды

14 ноября 2022, 12:29

Быйыл январь айынан октябрь айына чейин мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 28 миллиард 854,4 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Анын 19 миллиард 511,1 миллион сому тышкы карызды, 9 миллиард 343,3 миллион сому ички карызды тейлөөгө сарпталды.

Кошумчалай кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 миллиард 217 миллион 880 миң доллар же 418 миллиард 384 миллион 370 миң сомго бааланган. Анын басымдуу бөлүгүн, же 79,8%ын тышкы карыз (4 млрд 162,6 млн доллар), ал эми 20,2%ын ички карыз (1 млрд 55,28 млн доллар) түзөт.