Тогуз айда 57 миңден ашык жаран пенсияга чыкты

27 октября 2022, 11:08

Социалдык фонд быйыл тогуз айдын ичинде 57,15 миң жаранга пенсия дайындаган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сентябрды кошкондо 6358 жаранга пенсия дайындалган.

Мындан тышкары, 1138 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра каралып, эсептелди.