Тогуз айда бюджетке 211 млрд сомдон ашык каражат түштү
Быйыл акыркы тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 45,5%га (66,1 млрд сомго) өстү.
Ошол эле учурда каралып жаткан мезгилде салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 163,4 млрд сомду түздү.
Каралып жаткан мезгил ичинде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 37,7 млрд сомду, ал эми расмий гранттардан түшкөн каражаттар 10,3 млрд сомду түздү.