Төрт күндө алтындын унциясы 1,5 миң сомго кымбаттады

29 ноября 2021, 11:34

25-ноябрдан 29-ноябрга чейин Кыргызстандын Улуттук банкынын аффинаждалган куймаларынын унциясы 1 миң 544,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө алтын куймасынын бир унцийинин куну 158 миң 345,50 сомду түздү. Төрт күн мурун кайра сатып алуу баасы 156 801 сомду түзгөн.

Бүгүн алтындын унцийинин сатуу баасы 160 миң 721 сом болууда.