Салык кызматы төрт айда 14,4 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

17 мая 2022, 10:08

Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 14 миллиард 445,5 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгиленген план 3,6 процентке, же 495,5 миллион сомго ашык аткарылды.

"2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 430,4 млн сомго көп чогултулду. Өсүү темпи 120,2%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.