«Манас» аэропортунун акциялары бир күндө 9,4%га арзандады

1 марта 2023, 17:01

Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен 5 бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Экинчилик боюнча сооданын жыйынтыгында аэропорттун 281 нуска акциясы 222,2 миң сомго сатылган. Акциянын баасы 850-770 сомдун аралыгында өзгөрдү.

Муну менен бир баалуу кагаздын баасы 850 сомду түзгөн 28-февралдагы аукциондорго салыштырмалуу ишкананын акциялары 9,4%га арзандады.