«Манас» аэропортунун акциялары бир суткада 6,2%га кымбаттады

18 января 2023, 16:15

Бүгүн, 18-январда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Экинчи рыноктогу сооданын жыйынтыгында бир колго 1 миллион 94,8 миң сомго 1288 даана акция сатылды. Ошол эле учурда бир акциянын баасы 850 сомду түздү.

Эске салсак, кечээ экинчи рынокто 704 миң сомдук 880 даана акция 800 сомдон сатылган. Ошентип, бир сутка ичинде аэропорттун акцияларынын баасы 6,25%га кымбаттады.