Биткоин бир күндө дээрлик 2% кымбаттады

24 января 2023, 10:19

Биткоин 23 миң $ босогосун ашты. Маалыматтар Tradingview аналитикалык порталында берилген.

Бүгүн, 24-январда негизги криптовалюта 23,1 миң денгээлде соодаланууда. Бир күндүн ичинде активдин баасы 22 миң 690 доллардан 1,8% га, же 410 долларга өстү.

Эфириум 1,6 миң долларды түзөт. Жума ичинде альткоиндердин башчысы 4,9%га өстү.