Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясы бир суткада дээрлик 25 долларга арзандады

15 марта 2022, 15:21

Бир күндө өлчөнгөн алтын куймаларынын унций баасы 1,22%га арзандады. Мындай тыянактарды Улуттук банк жарыялаган маалыматтардын негизинде жасоого болот.

Алсак, кечээ алтынды кайра сатып алуу баасы 213 миң 401,5 сомду түзсө, бүгүн 2 миң 615 сомго же 24,91 долларга төмөндөп, 210 миң 786,5 сомду түздү.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Кыргызстанда Улуттук банктын алтын куймаларына суроо-талап пайда болгон. Ага президент Садыр Жапаровдун жарандарды баалуу металлдарды сатып алууга чакырган кайрылуусу түрткү болгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктан бир унций алтындын куймасын 213 миң 948,5 сомго сатып алууга болот.