Бир күндө Түркияга жардам катары дагы 5,3 млн сом жыйналды

22 февраля 2023, 14:25

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 61 миллион 50 миң 775 сом жана 15,2 миң рубль чогултту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.  

Кечээ бул сумма 55,7 миллион сомду түзгөн. Бир суткада кыргызстандыктар дагы 5,3 миллион сом чогултушту. 

Белгилей кетсек, 7-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.