Сутка ичинде алтындын бир унцийи 30,86 долларга кымбаттады

11 ноября 2022, 09:28

Бир суткада Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи дагы 2599 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Эске салсак, кечээ, 10-ноябрда алтындын бир унцийи 3336 сомго кымбаттаган.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 152 миң 621,5 сомго сатып алууда. Ушул аптанын 9-ноябрында кайра сатып алуу баасы 150 миң 22,5 сомду түздү. Ошентип, баа 30,86 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 10-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийи 166 миң 276 сомго бааланды.