Сутка ичинде алтындын унцийи 1,75 долларга арзандады

20 декабря 2022, 09:07

Бир сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймасынын унцийи 148,5 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ошентип, бүгүнкү күндө 31,1035 грамм салмактагы алтындын унцийин кайра сатып алуу 157 миң 812 сомду түздү. Кечээ, 19-декабрда анын баасы 157 миң 960,5 сомду түзгөн. Ошентип алтындын унцийи 1,75 долларга арзандады.

Ошол эле учурда, бүгүнкү күнгө Улуттук банктан алтындын унцийин сатып алуу баасы 166 миң 276 сом деп белгиленди.