Сутка ичинде алтындын унцийи 11,83 долларга арзандады

22 ноября 2022, 09:24

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унций куймасы бир суткада 998,5 сомго арзандады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 152 миң 595,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 21-ноябрда кайра сатып алуу баасы 153 594 сомду түзгөн. Ошентип, баа 11,83 долларга төмөндөдү.

Бүгүн, 22-ноябрга карата маалымат боюнча, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.