Бир суткада Улуттук банктын алтын унцийи 4,12 долларга арзандады

7 июня 2023, 09:18

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи сутка ичинде 360 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды. 

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 176 миң 749,5 сомдон сатып алууда. Кечээ, 6-июнда кайра сатып алуу баасы 177 миң 109,5 сомду түзгөн. Ошентип, баа 4,12 долларга төмөндөдү. 

Кошумчалай кетсек, 7-июнга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 179 миң 401 сомдон сатып алууга болот.