Бир суткада алтындын унцийи 2,93 долларга кымбаттады

23 ноября 2022, 09:35

Сутка ичинде Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи дагы 247,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 152 миң 843 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 22-ноябрда кайра сатып алуу баасы 152 миң 595,5 сомду түзгөн. Ошентип, сутка ичинде алтындын унцийи 2,93 долларга өстү.

Кошумчалай кетсек, 23-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.