Сутка ичинде Улуттук банктын алтынынын унциясы 16,82 долларга кымбаттады

7 октября 2022, 09:10

Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унциясы бир суткада 1354 сомго кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 143 миң 638 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 6-октябрда кайра сатып алуу баасы 142 284 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 16,82 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын алтын куймасынын унциясын 7-октябрга карата 177 миң 146 сомдон сатып алууга болот.