Улуттук банктын алтын унцийи бир суткада 26,65 долларга кымбаттады

10 января 2023, 09:26

Бир сутка ичинде Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи дагы 2283 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 166 миң 663 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 9-январда кайра сатып алуу баасы 164 миң 380 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 26,65 долларга жогорулады. Ал эми 30-декабрга салыштырмалуу баа 65,10 долларга өскөн. 

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 10-январга карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 169 миң 163 сомдон сатып алууга болот.