Сутка ичинде алтындын унцийи 6,42 долларга кымбаттады

30 ноября 2022, 09:16

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унций куймасы бир суткада 542,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 153 миң 694,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 29-ноябрда кайра сатып алуу баасы 153 миң 152 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 6,42 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 30-ноябрга карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.