Бир суткада алтындын унцийи 6,90 долларга кымбаттады

19 января 2023, 09:19

Бир суткада Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи 591,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу маалыматты тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 170 миң 249 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 18-январда кайра сатып алуу баасы 169 миң 657,5 сомду түзгөн. Ошентип, сутка ичинде баа 6,90 долларга жогорулады.

Кошумчалай кетсек, 19-январга карата алынган маалымат боюнча, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 172 миң 802,5 сомдон сатып алууга болот.