Сутка ичинде Улуттук банктын алтын унцийи 1,26 долларга арзандады

8 сентября 2023, 09:44

Кыргызстандын Улуттук банкынын 8-сентябрга карата алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 175 миң 231,5 сом деп белгиленди.

Кечээ көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 175 миң 342,5 сомго сатып алган. Ошентип, баа 111 сомго, же 1,26 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 177 миң 860 сомдон сатып алууга болот.