Сутка ичинде Улуттук банктын алтын унцийи 0,63 долларга кымбаттады

29 августа 2023, 09:18

Улуттук банктын 29-августтагы алтын куймаларынын унцийинин кайра сатып алуу баасы 174 миң 723,5 сом деп белгиленди.

Кечээ көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 174 миң 668 сомго сатып алган. Ошентип, бир сутка ичинде баа 55,5 сомго, же 0,63 долларга кымбаттады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 177 миң 344,5 сомдон сатып алууга болот.