Бир сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймасы 11,35 долларга арзандады

27 января 2022, 13:08

Бүгүн, 27-январга карата Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын кайра сатып алуунун наркы 161 360 сом деп белгиленди. Бул тууралуу Борбордук банктын сайтына жарыяланган.

Бир күн мурда Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын кайра сатып алуу баасы 162 миң 323 сомду түздү. Бир сутканын ичинде унция 962,5 сомго, же 11,35 долларга арзандады.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 163 миң 780,5 сомдон сатып алууга болот.