Алтындын унцийи бир суткада 17,35 долларга арзандады

28 апреля 2023, 09:18

Бир суткада Улуттук банк чыгарган алтын куймаларынын унций баасы 1518,5 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк калктан 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 179 миң 467,5 сомдон сатып алууда. Кечээ, 27-апрелде кайра сатып алуу баасы 180 миң 986 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 17,35 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, 28-апрелге карата алынган маалыматка караганда, Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 182 миң 159,5 сомго сатып алуу мүмкүн.