Бир суткада алтындын унцийи 2,67 долларга арзандады

3 февраля 2023, 09:22

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унций куймасы сутка ичинде 230,5 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 171 миң 369 сомдон сатып алууда. Кечээ, 2-февралда кайра сатып алуу баасы 171 миң 599,5 сомду түзгөн.

Ошентип, баа 2,67 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, 3-февралга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 173 миң 939,5 сомдон сатып алууга болот.