Сутка ичинде алтындын унцийи 2,43 долларга кымбаттады

16 ноября 2022, 14:28

Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи сутка ичинде дагы 205 сомго кымбаттады. Бул тууралуу тийиштүү мекемден билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 155 миң 151 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 15-ноябрда кайра сатып алуу баасы 154 946 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 2,43 долларга жогорулады.

Эске салсак, алтын 4-ноябрдан бери кымбаттоодо. 

Кошумчалай кетсек, кечее, 15-ноябрдагы маалыматка ылайык, Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга мүмкүн.