Бир суткада алтындын унцийи 338 сомго кымбаттады
Кыргызстандын Улуттук банкынын аффинаждалган алтын куймасынын бир унцийи бир күндө 338,5 сомго же 4,2 долларга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Ошентип, 24-августка карата куйма алтындын бир унцийин кайра сатып алуу 145 миң 981,5 сомду түздү. 23-августта кайра сатып алуу баасы 145 миң 643 сомду, ал эми бир жума мурун 149 миң 816,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир жумада алтындын унций баасы 3 миң 835 сомго арзандады.
Ошол эле учурда Улуттук банктан алтындын унций сатып алуу баасы 177 миң 146 сом деп белгиленди.