Алтын унцийи бир суткада 3,85 долларга кымбаттады

13 мая 2023, 10:16

Бир сутка ичинде Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын бир унцийи дагы 336,5 сомго кымбаттады. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 182 миң 20,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 11-майда кайра сатып алуу баасы 181 миң 684 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 3,85 долларга жогорулады.

Кошумчаласак, 13-майга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 184 миң 751 сомдон сатып алууга болот.