Алтын куймаларынын унциясы бир күндө 11 долларга арзандады

4 февраля 2022, 09:19

Бүгүн, 4-февралга карата Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын кайра сатып алуу баасын 157 миң 664,5 сом өлчөмүндө белгиледи. Мындай маалыматты борбордук банктан билдиришти.

Бир күн мурун, 3-февралда кайра сатып алуу 158 миң 621 сом өлчөмүндө белгиленген. Алсак, бир суткада унция 956,5 сом же 11,28 доллар жоготту. Ал арада, бир жыл мурун, ушул эле мезгилде Улуттук банк элден куймалардын унцийлерин 161 миң 321,5 сомго же 43 долларга кымбат сатып алууга даяр болгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө унцияны 160 миң 29,5 сомдон сатып алууга болот.