Бир сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясы 18 долларга кымбаттады

21 января 2022, 11:03

Бүгүн, 21-январга карата Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын  унциясын кайра сатып алуунун баасы 162 миң 135,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар Улуттук банктын сайттына жарыяланган.

Ошону менен бирге эле бир күн мурун, 20-январда 31,1 грамм салмактагы алтын куймасынын кайра сатып алуунун баасы 160 604,5 сомду түзгөн. Муну менен унция бир сутка ичинде 18 долларга же 0,9%га кымбаттады.

Жыл ичиндеги унциянын наркын эске алсак, анда 2021-жылдын 21-январына салыштырмалуу баа 11,6 долларга же 0,6%га төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 164 миң 567,5 сомдон сатып алса болот.