Сутка ичинде алтындын унцийи 7,95 долларга арзандады

6 декабря 2022, 09:15

Улуттук банк чыгарган алтындын бир унций куймасы бир суткада 671,5 сомго арзандады. Бул тууралуу көзөмөл органы билдирди. 

Ошентип, бүгүнкү күндө Улуттук банк элден 31,1 грамм салмактагы өлчөнгөн куймаларды 155 миң 734 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 5-декабрда кайра сатып алуу баасы 156 миң 405,5 сомду түзгөн.

Муну менен, баа 7,95 долларга төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, 6-декабрга карата Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот.