Кыргызстан он айда 805,5 млн долларга алтын сатты

20 декабря 2023, 09:21

2023-жылдын он айында Кыргызстан чет өлкөлөргө 12,9 тонна алтын экспорттосо, анын 3 тоннасы октябрь айында экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Жалпы көлөмдүн ичинен Кыргызстан Швейцарияга 82,3% же 10,6 тонна алтын саткан. Бул мамлекетке 665 млн 28,1 миң доллар киреше алып келди. Бул граммы 62,7 долларды түзөт. Кыргызстан ошондой эле баалуу металлды Бириккен Араб Эмираттарына жана Гонконгго сатып, тиешелүүлүгүнө жараша 1,3 тонна жана 984,3 килограммды жеткирген.

Кошумчалай кетсек,быйылкы жылдын башынан бери чет өлкөдөн алтындын жалпы ташылышы өлкөгө 805,5 млн доллар киреше алып келген, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалуу металлдын экспорту 905,6 миң доллардан кыйла өскөн.