Он айда Кыргызстандан которулган акчанын агымы 443 млн долларды түздү

10 декабря 2021, 17:27

Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстандан сыртка которулган акча 443 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Каражаттын басымдуу бөлүгүн, 96,3%ын же 426,9 млн долларды кыргызстандыктар Орусияга жөнөткөн. Өткөн жылга салыштырмалуу Россия Федерациясына акчанын чыгышы 11,05%га өскөн.