Кыргызстан пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоого 37,3 млрд сом бөлдү

15 октября 2021, 14:33

 

Социалдык фонд ушул жылдын январь-сентябрь айларында 50 миң 725 жаранга пенсия чегерди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо январь-сентябрь айлары үчүн 37 миллиард 327,3 миллион сомду түздү. Сумманын көбү Ош облусундагы пенсионерлерге багытталган.

Кошумчалай кетсек, пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо ушул жылдын сентябрь айында 4 миллиард 81,3 миллион сомду түзгөн.

Мындан тышкары, 699 пенсионердин эмгек стажы, эмгек акысы жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтердин негизинде пенсиясы кайра эсептелип чыкты.