Кыргызстандын валюта резервдери эки айда 129 млн долларга кыскарды
Экинчи ай катары менен Кыргызстанда валюта резервинин төмөндөшү байкалууда. Мындай тыянактарды республиканын Улуттук банкы жарыялаган статистиканын негизинде чыгарса болот.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, июлдун аягында өлкөнүн эл аралык валюта резервдери 2 миллиард 655,37 миллион долларды түздү, бул ушул жылдын июнь айына салыштырмалуу 69,7 миллион долларга азайды.
Ал эми өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу республиканын валюта резервдери дээрлик 100 миллион долларга азайган.