Быйыл Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бюджетти 138 млн сомго толуктады

3 августа 2021, 17:00

Жети айдын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджет 138 миллион сомго толукталды. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков маалымат жыйында билдирди.

Белгиленгендей, бул жылы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 миллион сомго көп түшкөн. Тайлаков мамлекеттик агенттик көзөмөлдөө чараларын күчөткөнүн белгилеп, ошондой эле текшерүүлөргө мораторий жарыялангандыгына байланыштуу төмөнкү механизмдер колдонуларын кошумчалады.

  • алдын алуу чаралары - бизнес менен дайыма иштөө, монополияга каршы жөнгө салуу эрежелерин тактоо;
  • аналитикалык иш - товардык рынокторду талдоо, экономикалык анализ, рыноктун үстөмдүгүн байкоо;
  • баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүү;
  • жумшак мыйзам - алдын ала багытталган эскертүүлөр.