Жыл ичинде күн карама майына болгон баа 1.7 эсеге жогорулады

19 марта 2021, 16:30

Жыл ичинде Кыргызстанда күн карама майынын баасы 1.7 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Өлкө ичинде орточо баа 164.78 сомду түзүүдө. Бирок, Нарын, Бишкек, Токмок, Каракол, Ош жана Кара-Суу шаарында күн карама майы 165.30 сомдон сатылууда. 

Өз кезегинде күн карамага болгон минималдуу баа Өзгөн, Кара-Балта, Кербен жана Ноокат шаарларында 1522 сомду түзүп, жогорулаган эмес. 

Кошумчалай кетсек, пахта майына болгон баа орточо эсеп менен 153.17 сомду түзүп, жыл ичинде 1.5 эсеге жогорулады.