ЕАЭБде бир жыл ичинде өнөр жай продукциясы 3.3% кымбаттаган

3 февраля 2021, 11:25

2020-жылы ЕАЭБде өнөр-жай продукциясынын баалары өсүп жатканы байкалууда. 2019-жылдын декабрь айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу баа 3.3% кымбаттады, - деп билдирди ЕЭК. 

 

2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу баалар 1.5% өскөн. ЕЭКтен билдиришкендей, баанын өсүүсү ЕАЭБдеги Казакстандан сырткары, бардык өлкөлөрдө тең байкалган. 

«Казакстандагы өнөр-жай өндүрүшүнүн продукцияларынын кымбатташы, тоо-кен тармагы жана карьерлерди казып алуу (чийки мунайды жана жаратылыш газын казып алууда) төмөндөшү менен байланыштуу», — деп жазылат маалыматта. 

Отчеттук мезгил убагында казып алуу тармагындагы өндүрүш, Казакстандагы бул тармактын 15.2%, Россиянын 3.3% төмөндөгөнүнө байланыштуу 4.7% түшүп кетти. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жана Казакстанда кайра иштетүү тармагындагы өндүрүүчүлөрдүн баалары 28.5% жана 9% жогорулаган.