Бир жылдын ичинде Кыргызстанда жумушсуздардын саны 5,3% га өстү

27 мая 2021, 16:00

Мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматынын органдарында жумуш издеп каттоодо турган жумушсуз калктын саны 1-апрелге карата 102,6 миң адамды түздү. Мындай маалыматтарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. 

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу ал 5,3% га көп, ал эми катталган жумушсуздардын саны - 79,1 миң адам, же 1,4% га көп.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,3% аялдар түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 3,1% түздү.