Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду  бир жыл ичинде 900 аукцион өткөргөн

23 декабря 2019, 15:30

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду «Электрондук соода аянтча» программасын ишке киргизди. Бул автоматташтырылган тутум аркылуу фонд мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча 900 аукцион өткөргөн. Бул тууралуу фонддун башчысы  Жылдызбек Исакулов билдирди. 

Анын айтымында, фонд мамлекеттик жеке мүлктөрдү ижарага берүүчү бирдиктүү реестр жана келишимдин шартын бузган ижарачылар менен электрондук аукциондун катышуучулардын маалымат базасын түзүүнү пландоодо. Андан сырткары, мамлекеттик ишкана жана мамлекеттик компанияларды электрондук отчеттук системага киргизилет. 

«Бүгүнкү күндө бул системада 103 катышуучу кататлаган. Алар чарба субъектилеринин өкүлдөрү. Алар каржы отчетторун электрондук система аркылуу беришет», — деп билдирди.