Бир жыл ичинде ипотекалык насыялар 0,4% га төмөндөдү

13 сентября 2021, 09:15

Июлдун аягында коммерциялык банктардын орточо ипотекалык чендери 12,4%ды түздү. Бир жылдын ичинде чендер 0,4%га гана төмөндөдү, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Ипотекалык портфель 17,9 миллиард сомго жетти. Жыл ичинде банктар ипотеканын көлөмүн 2 млрд сомго көбөйтүштү.