Жыл ичинде комбанктар чет элдик инвестицияларды 15,9%га көбөйттү

21 декабря 2021, 14:43

Кыргызстандын 23 коммерциялык банкынын 16сынын уставдык капиталында чет элдик инвестиция бар. Мындай маалыматтарды Улуттук банктан билдиришти.

Муну менен коммерциялык банктардын уставдык капиталынын 29,9%ын чет өлкөлүк инвестициялар ээлейт.

Жыл ичинде банктар чет өлкөлүк катышууну 15,9%га көбөйтүштү. Бул төрт коммерциялык банкта сырт жактан келген капиталдын көбөйүшүнө байланыштуу болгон.

Белгилүү болгондой, эң чоң салымды кошкон “Демир Банк” жакында эле чет элдик инвестициянын эсебинен уставдык капиталын 1,4 млрд сомго көбөйткөн. Ал эми “Бай-Түшүм” банкынын капиталына чет өлкөлүк катышуу азайган.