Бир жылда коммерциялык банктар жети филиалын жапты

9 ноября 2021, 12:13

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы 22 коммерциялык банктын 309 филиалы бар. 

Ошол эле учурда, бир жыл мурун республика боюнча банктардын 316 филиалы болгон.

Алсак, бир жыл ичинде "Кыргызстан" Коммерциялык Банкы" өлкө боюнча жети кеңсесин жапты – Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында бирден, Ош облусунда төртөө.

Мындан тышкары, "Дос-Кредобанк" Чүй облусундагы бир филиалын жапса, KICB Бишкекте бир кеңсе ачкан.