Электрондук капчыкты пайдалануучулардын саны 63,4% га көбөйдү

26 мая 2021, 13:30

Кыргызстанда электрондук акча барган сайын популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу эл аралык ишкерлер кеңешинин иликтөөсүндө айтылат.

Алсак, 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги маалыматтарга ылайык, өлкөдө 3,8 миллион электрондук капчык болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 63,4% га жогорулаган.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы 377 миң 439 жаңы электрондук капчык ачылган.