Электр энергиясын керектөө жыл ичинде 10% га өстү

2 июля 2021, 11:00

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 2021-жылдын июнь айында 934 миллион 673 миң киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы ушул эле мезгилде керектөө 846 миллион 769 миң киловатт-саатты түзгөн.

Муну менен республика боюнча электр энергиясынын бир айлык керектөөсү жыл ичинде 10% га өстү.