Жыл ичинде салык жана төлөмдөрдү чогултуу 61,4%га өстү

12 мая 2022, 11:19

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматы 48 миллиард 75,1 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мында белгиленген план 1 млрд 244,8 млн сомго, же 2,7%га ашык аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 18 миллиард 293,5 миллион сомго же 61,4%га көп чогултулган.