Бир жыл ичинде Кыргызстанда 6 млн электрондук эсеп-фактура чыгарылган

4 июня 2021, 13:41

2020-жылдын 1-июлунан 2021-жылдын 31-майына чейин Кыргызстандын салык төлөөчүлөрү 6 миллион электрондук эсеп-фактураларын таркатышты. Бул ишке ашып жаткан "Смарт салым" долбоору жөнүндө тегерек столдо белгилүү болду.

Отчеттук мезгил ичинде 817 миллиард сом суммасында эсеп-фактуралар берилген. 14,2 миң салык төлөөчү каттоодо турат.

Мындан тышкары, өткөн жылдын август айынан 2021-жылдын май айына чейин 807 миллион сом суммасында 342 миң онлайн патент жана 261,6 миллион сом суммасында 278 миң камсыздандыруу полиси берилген.