Комбанктар бир жылда Кыргызстанда 12 филиалын жапты

8 сентября 2021, 11:56

Ушул жылдын июнь айында Кыргызстанда 23 коммерциялык банктын 310 филиалы иштечү. Ошол эле учурда, бир жыл мурун өлкө боюнча 322 банктын бөлүмдөрү ачылган, деп билдирди Улуттук банк.

Филиалдар тармагынын жалпы статистикасына "Кыргызстан" коммерциялык банкы таасирин тийгизди, ал жыл ичинде республика боюнча 10 филиалын жапты. Эгерде бир жыл мурда банктын 30 филиалы болсо, ушул жылдын июнь айында 20сы калды. Алсак, банк Ош облусунда бир убакта төрт, Чүй жана Ысык-Көл облустарында экиден, ошондой эле Нарын жана Жалал-Абадда бирден филиалдарды жапты.

Бул убакыттын ичинде "Бакай Банк" Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирден - үч филиалын жапты. Ошол эле учурда аталган банк Бишкекте бир филиал ачты.

Кошумчалай кетсек, 52 бөлүм менен "РСК Банктын" эң көп филиалдык тармагы бар.