Жыл ичинде Кыргызстанда акча алмаштыруучу 145 жай ачылды

12 сентября 2023, 09:31

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларга көзөмөл күчөтүлүп, жыл башынан бери көзөмөлдөөчү орган аларга жалпысынан 825 миң сом, ар бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салды.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы 20 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулса, үчөөнүн лицензиясы эки жолу токтотулган. Алар: "Cash Only" ЖЧКсы, "Азирет KG" ЖЧКсы жана "Азия Трэвел" ЖЧКсы.

Кылдат текшерүүгө жана жөнгө салууга карабастан, валюта бизнеси жогорку кирешелүү бойдон калууда. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жалпысынан 535 акча алмаштыруучу жай бар. Бир жыл мурун 390 акча алмаштыруучу жай катталган. Ал эми жыл башынан бери 49 жаңы бюро ачылды.