Коммерциялык банктарга накталай акчанын кирешеси бир жылдын ичинде 3,2% га өстү
Коммерциялык банктардын кассаларына накталай акчанын кайтарымы 2021-жылдын II кварталында 98,6%ды түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 3,2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылды.
Коммерциялык банктардын кассаларына накталай акча кирешелеринин 2021-жылдын II кварталында өткөн жылга салыштырмалуу өсүшү төмөнкү аймактарда болгон:
- Бишкекте - 3,1%;
- Ошто - 8,3%га;
- Талас облусунда - 0,4%;
- Жалал-Абад облусунда - 3%;
- Нарын облусунда - 0,8%;
- Ысык-Көл облусунда - 1,4%.